# 38-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн лицензиаттын жоопкерчилиги

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 38-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-38

---

Мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашыруучу лицензиат:

- контракттык аймактагы иштерде иштегендердин жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч түзгөн, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгаган ыкмалар жана жолдор менен иш жүргүзгөндө;

- мунай жана газ чыккан жерлердин аянттарында өзү билип курулуш курганда;

- мунай жана газ чыккан жерлер жөнүндө маалыматка болгон менчик укугун бузганда;

- жоюлуп жаткан жана консервацияланып жаткан бургулоо скважиналарын калктын коопсуздугун камсыз кылган абалга келтирүү жөнүндө талаптарды, ошондой эле уюмдарды консервациялоо мезгилинде бургулоо скважиналарын сактоо жөнүндө талаптарды аткарбаганда жана башка укук бузууларды жасаганда;

- мунайгаз тармагындагы ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдарды бузган учурларда, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-39)
