# 35-статья. Мунайгаз тармагындагы иш учурунда айлана-чөйрөнү коргоого жана жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 35-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-35

---

Мунайгаз тармагындагы иш учурунда айлана-чөйрөнү коргоого жана жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жоболордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Контракттык аймакты изилдөөдө жана пайдаланууда бардык лицензиаттар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, стандарттардын (эрежелердин), ченемдердин сакталышын камсыз кылуу, алардын калкка, айлана-чөйрөгө, имараттарга жана курулуштарга зыяндуу таасирин, ошондой эле гидрокарбонаттар менен газдардын кыртыштын алдына, көлмөлөргө, жердин үстүнө жана атмосферага таралышынын алдын алуу жана четтетүү айлана-чөйрөнү коргоого жана мунайгаз тармагындагы жумуштарды коопсуз жүргүзүүгө мамлекеттик контролдун милдети болуп саналат. Жабыр тарткан тарапка келтирилген зыяндардын жана айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу күнөөлүү тараптын эсебинен, зыяндардын жана чыгымдардын ордун толтуруу учурундагы тиешелүү тарифтерге ылайык келген өлчөмдөрдө жүргүзүлөт, ал эми тараптар макул болбогон учурларда, бул маселе сот тартибинде чечилет.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-36)
