# 33-1-статья. Пайдаланылган газ үчүн төлөө шарттары жана тартиби

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-33-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 33-1-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-33-1

---

Газды керектөөчү, анын ичинде турмуш-тиричиликтик керектөөчү төлөөнү керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же болбосо алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же болбосо контракттын шарттарына ылайык алдын ала төлөө жолу менен жүргүзөт. Керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары (заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо), турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер газ берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулат. (КР 2013-жылдын 13-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-31)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-32)
