# 32-статья. Лицензиаттын керектөөчүлөрдү мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылууну токтотуу укугу

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 32-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-32

---

Керектөөчүлөр тараптардын ортосундагы келишимди бузган учурда лицензиат мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды жөнөтүүнү токтотууга укуктуу. Лицензиат келишимдин шарттары бузулган факты белгиленген учурдан тартып бир айдын ичинде жөнөтүүнү токтото тургандыгы жөнүндө керектөөчүгө кабарлайт. Лицензиар тараптардын ортосундагы лицензиялык макулдашуунун (контракттын) жана келишимдин негизинде тараптардын ортосундагы чыр-чатакты чечүү үчүн өз компетенциясынын чектеринде зарыл аракеттерди көрөт. Эгерде жөнөтүүчү жана керектөөчү кош тараптуу макулдашууга жетише албаса, анда алардын ортосунда келип чыккан талаш маселелер сот таратибинде чечилет.

---

Мурунку берене: [33-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-33-1)  
Кийинки берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-33)
