# 31-статья. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана аларды мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттери

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 31-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-31

---

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиат тараптардын ортосундагы келишимдин негизинде, алардын таламдарына ылайык керектөөчүлөрдү мунай, газ жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттар менен камсыз кылат. Чыр-чатактуу жагдай келип чыкканда лицензиар келишим түзүү учурунда тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттерди көрөт. Эгерде тараптар кош тараптуу макулдашууга жетише албаса, анда талаш маселелер боюнча акыркы чечим сот тартибинде кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-30)  
Кийинки берене: [33-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-33-1)
