# 24-статья. Маалымат алмашуу жана отчеттуулукка коюлуучу талаптар

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 24-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-24

---

Лицензиянын ээси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын (лицензиардын) ортосунда толук жана тиешелүү маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу максатында лицензиянын ээси коммерциялык ачылыш болгон учурда кен чыккан жерди иштетүүнүн планын берет. Мындай планды бекитүү негизсиз кечеңдетилбөөгө тийиш. Кен чыккан жер жабылган күнгө чейин лицензиянын ээси лицензиардын кароосуна кен чыккан аймакты жоюунун жана реабилитациялоонун планын бериши керек, ал негизсиз кечеңдетилбөөгө тийиш. Лицензиялык келишимде (контрактта) каралган жашырындуулук камсыз кылынган шартта лицензиарга мунай жана газ боюнча ишке тиешелүү маалыматтар берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-25)
