# 18-статья. Лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагында жайгашкан мунайгаз тармагына тиешелүү болгон кен чыккан жерде ишти биргелешип жүргүзүүгө пакет берүү (унитизация)

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 18-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-18

---

Эгерде кен чыккан жер лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагынан өтсө, лицензиялардын ээлери кен чыккан жерлерди чогуу иштетүүнү талкуулоону баштоого тийиш. Лицензиялардын ээлери кен чыккан жерлерди чогуу иштетүүнүн алда канча оптималдуу ыкмасын аныктоого жана биргелешип иштетүү жөнүндө кат жүзүндөгү макулдашууларды түзүүгө тийиш. Мындай макулдашууларда иштетүүлөрдүн биргелешкен планы камтылып, ал лицензиат тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде лицензиялардын ээлери өз ара пландарды макулдаша албаса, лицензиар мыйзамда белгиленген тартипте бул ишке кийлигишүүгө жана план көз карандысыз эксперт тарабынан иштелип чыгуусун жана аны лицензиялардын ээлеринин аткарышын талап кылууга тийиш. Ушул маселе боюнча лицензиардын көрсөтмөлөрүн аткарбоо кен чыккан жерге берилген лицензиядан ажыратууга алып келет жана тиешелүү аймак лицензиянын ээсинин иштөө тармагынан алынып коюлат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-19)
