# 17-статья. Мунайгаз тармагындагы ишти биргелешип жана (же) өзүнчө жүргүзүү

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 17-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-17

---

Лицензиялардын эки же андан ашык ээлеринин аймагынан өткөн кен чыккан жерде мунайгаз тармагындагы ишти жүргүзүүнүн түрү лицензиар менен макулдашуу боюнча эки же бир нече лицензиаттын ортосундагы келишимдин негизинде өзүнчө жана (же) биргелешкен болушу мүмкүн. Эгерде тараптар макулдашууга жетише албаса, анда лицензиар өзүнүн компетенциясынын чектеринде келишим түзүүдө тараптардын ортосунда алгылыктуу макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон аракеттерди көрөт. Лицензиянын ээси түтүк өткөргүчтөрдө жана имарат жайларда мунай, газ жана мунайзаттар ашык болгондо аларды үчүнчү жакка ташып жеткирүү үчүн ачык жол берүүгө тийиш. Ачык жол эки тараптын ортосунда түзүлгөн контракттын негизинде тиешелүү транспорттук тарифтер төлөнгөн шарттарда ачылат. Эгерде ачык жол берүүгө буюртма келип түшкөндөн кийин 6 айдын ичинде лицензиянын ээси жана үчүнчү жак ушундай бүтүмдөрдү жасоо үчүн коммерциялык негизде макулдашууга жетише албаса, лицензиялык орган тараптардын ортосунда ушундай макулдашууну камсыз кылуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте зарыл чараларды көрүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-18)
