# 14-статья. Лицензиялар менен лицензиялык макулдашуулардын (контракттардын) түрү жана мазмуну

- Документ: [Мунай жана газ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/85)
- Толук аталышы: КР1998-жылдын 8-июнундагы № 77 "Мунай жана газ жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 08.06.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112430)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-74/edition/1192766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/85/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунай жана газ жөнүндө, 14-статья (20.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-14

---

Лицензиар тарабынан иштелип чыккан типтүү лицензиялык макулдашуулардын (контракттардын) түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана отчет берүүчү документ болуп эсептелет. Лицензияда жана лицезиянын ажырагыс бөлүгү катарында болгон лицензиялык макулдашууда (контрактта) лицензиат жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтар:

а) мунайгаз тармагындагы компетенттүүлүгү;

б) финансылык жагынан кудуреттүүлүгү;

в) мунайгаз тармагындагы айкын программасы жана иштеринин максаттуу багыты;

г) колдонгон ыкмалары жана технологиялары;

д) жаратылыш чөйрөсүн коргоонун жана калыбына келтирүүнүн гарантиялары;

е) лицензиялоо жөнүндө жоболордо аныкталган мунайгаз тармагындагы иштин айрым түрлөрүнө болгон форс-мажордук жагдайлар жана башка маалыматтар камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/85/st-15)
