Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-июлу № 97 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 31-майындагы № 273 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович, ээлеген кызматынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) № 77 токтому менен Баткен облусундагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалган. Айдаркен шаарынын мэринин кызматына эки талапкер катталган: "КСДП" депутаттык фракциясынан - Астанакулов Б.К., "Мекеним Кыргызстан" депутаттык фракциясынан - Кадыров Ж.Б. Добуш берүүгө Айдаркен шаардык кеңешиндеги 21 депутатынын баары катышты. Добуш берүүдө Астанакулов Б.К. - 11; Кадыров Ж.Б. - 9; бардыгына каршы - 1, добуш алышкан. Шайлоонун натыйжасында Астанакулов Б.К. Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланды деп табылган. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январынын № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын мэрин шайлоодогу 2019-жылдын 1-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын шайланган мэри болуп Астанакулов Байышбек Кахроманович таанылсын.
4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы Айдаркен шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 77 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу…Постановление · 11.06.2019 · № 77
- Положение о порядке избрания мэра города (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон