Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-июлу № 95 2019-жылдын 1-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2019-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июндагы № 77 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдорго ылайык, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 3 талапкер катталган - Алдраков Сырбек Жаныбекович, Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевич жана Туйбаев Таалайбек Адиевич. Алар жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган. Добуш берүүгө Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 21 депутаты баары катышты. Добуш берүүдө Алдраков С.Ж. - 2 добуш; Мусурманкулов Ж.Э. - 2 добуш, Туйбаев Т.А. - 17 добуш алышкан. Шайлоонун натыйжасында Туйбаев Т.А. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 1-июлдагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Туйбаев Таалайбек Адиевич табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 77 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу…Постановление · 11.06.2019 · № 77
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон