# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 77 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 77 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/84015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2455/edition/960782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/84015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы № 77 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (11.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/84015

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-июну № 77 Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 31-майындагы № 273 буйругу менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри Мумбаев Мухубилла Пахридинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. 2019-жылдын 3-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. 2019-жылдын 4-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн. 2019-жылдын 7-июнунда жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 28-июнуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр жана Алай районунун Кабылан-Көл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

4. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 1-июлуна дайындалсын жана саат 15.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлсүн.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
