# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 "Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 "Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/84013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2453/edition/960778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/84013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 "Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (03.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/84013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 3-июну № 75 Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 2019-жылдын 30-майында жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер жана Бейшеке, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. 2019-жылдын 31-майында жаңыдан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелеринин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Ош облусунун Ноокат районунун Н.Исанов, Кара-Кулжа районунун Кеңеш, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке жана Бакыян, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык дайындалсын.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова

Begin\_nocompare

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-июнундагы № 75 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү ГРАФИГИ

№

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы

Биринчи сессиясынын өткөрүү датасы

Шайлоону өткөрүү датасы жана убактысы

Нарын облусу

Жумгал району

1

Көк-Ой айыл өкмөтү

31.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 9-00дөн 12.00гө чейин

Ош облусу

Ноокат району

2

Н.Исанов айыл өкмөтү

31.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

Кара-Кулжа району

3

Кеңеш айыл өкмөтү

30.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

Талас облусу

Кара-Буура району

4

Шекер айыл өкмөтү

30.05.2019-ж.

2019-жылдын 20-июнуна, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

5.

Бейшеке айыл өкмөтү

30.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 9.00дөн 12.00гө чейин

6

Бакыян айыл өкмөтү

31.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 15.00дөн 18.00гө чейин

Чүй облусу

Аламүдүн району

7

Байтик айыл өкмөтү

30.05.2019-ж.

2019-жылдын 21-июнуна, саат 9.00дөн 12.00гө чейин
