# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 70 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 70 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/84008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2448/edition/960714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/84008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 70 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (27.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/84008

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-майы № 70 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы № 56 токтому менен 2019-жылдын 22-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 22-майындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович табылсын.

2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
