# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 69 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 69 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/84007>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2447/edition/960712/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/84007.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 27-майындагы № 69 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (27.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/84007

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-майы № 69 Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы № 56 токтому менен 2019-жылдын 22-майына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын 2019-жылдын 22-майындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мияшев Курбанбек Абдылдаевич табылсын.

2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
