# 9-берене. Эркин экономикалык зоналарда эмгектик мамилелерди келишимдик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/840)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1076-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Акыркы өзгөртүү: [609](https://aqlex.ai/kg/doc/609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/840#diff=503719..503720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-800/edition/503719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/840/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 9-берене (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-9

---

Кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу, эмгекке акы төлөөнүн, анын ичинде чет өлкөлүк валютада акы төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү, эмгектин жана эс алуунун режими зркин экономикалык зоналардагы ишканалардагы социалдык милдетин алуунун жана компенсация берүүлөрдүн маселелери менен чогуу алгандагы эмгектик мамилелер коллективдүү келишим (макулдашуу) жана жекече эмгек келишимдери (контрактар) аркылуу жөнгө салынат. Коллективдүү жана жекече эмгек келишимдери бул ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин абалын Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан эмгек жөнүндө мыйзамдарда, ошондой Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Эмгекти эл аралык уюштуруунун конвенцияларында каралган шарттарга салыштырганда начарлатпоого тийиш. Чет өлкөлүк кызматкерлер тарабынан чет өлкөлүк валютада алынган эмгек акы салыктар төлөнгөндөн кийин тоскоолдуксуз чет өлкөгө которулат. ЭЭЗдин субъекттеринин иши менен байланышкан маселелер, эркин экономикалык зонага кирүү уруксаты, уруксат кагаздарын толтуруу, бул зонага келүүгө жана иштөөгө уруксат алуу, ошондой эле ЭЭЗдин иши менен байланышкан башка маселелер ЭЭЗдин Башкы дирекциясы тарабынан жөнгө салынат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-10)
