# 8-берене. Эркин экономикалык зоналардагы чарбалык жана тышкы экономикалык иштер жагындагы жеңилдиктер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/840)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1076-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2011 [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324); 16.07.2009 [Закон КР от 16 июля 2009 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202727); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446); 12.12.2001 [Закон КР от 12 декабря 2001 года №109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/940); 20.09.2000 [Закон КР от 20 сентября 2000 года №78 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/367); 15.03.1996 [609](https://aqlex.ai/kg/doc/609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/840#diff=503727..503728>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-800/edition/503719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/840/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 8-берене (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-8

---

Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө кызматтарын көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин кошпогондо, чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар) эркин экономикалык зонада иш-аракет жүргүзүү мезгилинде салыктардын, алымдардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүнөн бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы керектөө үчүн эркин экономикалык зоналардын субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык кошумча нарк салыгы алынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы керектөө үчүн кызмат көрсөтүүлөр болуп Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын аймагында кайсы болбосун жеке жактар сатып алуучу кызмат көрсөтүүлөр эсептелет. Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалданып иштеген жеке жактардан киреше салыгы жана социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат. Эркин экономикалык зонада чыгарылган продукцияны экспорттоо көлөмү ЭЭЗде жыл ичинде өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн 30 пайызынан ашпоого тийиш болгон продукция Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттолгондон башка учурларда квота жана лицензия алуудан бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички рыногуна керектөө үчүн кызматтарды көрсөтүүчү эркин экономикалык зоналардын субъекттерин албаганда, чарбалык жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин катышуучулары (белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар) жыл сайын эркин экономикалык зонанын (ЭЭЗдин) башкы дирекциясына салык боюнча жеңилдик бергендиги үчүн өзүнүн товар сатып өткөрүүдөн жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражатынын 0,1 процентинен 2 процентинен 2 процентине чейинки өлчөмдө акы төлөйт. Берилген жеңилдик үчүн төлөнүүчү акыны эсептөө жана алуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Эркин экономикалык зоналардын субъекттеринде жалданып иштеген же- ке адамдардан социалдык камсыздандыруу боюнча милдеттүү камсыздандыруу взностору "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алынат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 16-июлундагы № 222, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-9)
