# 7-берене. Өзгөчө валюталык режим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/840)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1076-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-800/edition/503719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/840/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 7-берене (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-7

---

Эркин экономикалык зоналардын аймагындагы өзгөчө валюталык режимде чет өлкөлүк валютаны эркин жүгүртүү, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдө жана юридикалык жактардын жана адамдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленүүчү эрежелерге ылайык эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны эркин жүгүртүү каралат. Эркин экономикалык зоналардын чет мамлекеттер менен эсептешүүлөрү тараптардын макулдашуусу боюнча кандай гана валюта болбосун жүргүзүлөт. Эркин экономикалык зоналардын аймагында борбордук жана жергиликтүү бюджеттер менен валюталык эсептешүүлөрдүн жеңилдик берүүчү шарттары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-8)
