# 2-берене. Эркин экономикалык зоналарды түзүүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/840)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1076-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2011 [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324); 12.01.2002 [Закон КР от 12 января 2002 года № 6 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/953); 12.12.2001 [Закон КР от 12 декабря 2001 года №109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/940); 15.03.1996 [609](https://aqlex.ai/kg/doc/609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/840#diff=503727..503728>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-800/edition/503719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/840/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 2-берене (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-2

---

Эркин экономикалык зона деп бөлүнгөн аймак жана аны ылайыкташтыруу ушул мыйзамга жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобого ылайык камсыз кылынат. Эркин экономикалык зонанын башкы дирекциясы ЭЭЗдин аймагын тосмолоону камсыз кылат же ЭЭЗдин субъектилеринин бажы контролу үчүн башка шарттарды түзөт. Тосмолоонун же бажы контролунун ылайык келүү шарттары Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органдары тарабынан тастыкталат. Эгер көрсөтүлгөн шарттар тастыкталбаса, ЭЭЗдин субъектилерине жалпы салык режими коддонулат. Эркин экономикалык зонанын тосулган аймагына мейманкана тибиндеги турак-жай фондунан башка турак-жай фондунун объектилерин жайгаштырууга жол берилбейт. ЭЭЗдин тосмолонгон аймагынын ичине имараттарды жана курулмаларды жана алардын субзоналарын курууда ташып келинген материалдар бардык салык төлөмдөрүнөн бошотулат. Эркин экономикалык зонанын чектери Кыргыз Республикасынын бажылык чек арасынын курамдык бөлүгү болуп, анын аймагы Кыргыз Республикасынын бажылык аймагынан тышкары, тышкы экономикалык иш-аракеттен башка, жайгашат. ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары экспорттоодо ЭЭЗдин бул продукциясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында өндүрүлгөн продукция болуп саналат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2002-жылдын 12-январындагы № 6, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-3)
