# 1-берене. Эркин экономикалык зоналардын түшүнүгү, максаттары жана түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/840)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 16-декабрындагы № 1076 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1076-XII
- Кабыл алынган күнү: 16.12.1992
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.07.2011 [Закон КР от 7 июля 2011 года № 81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203324); 22.03.2007 [Закон КР от 22 марта 2007 года № 36 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/202070); 12.12.2001 [Закон КР от 12 декабря 2001 года №109 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/940); 20.09.2000 [Закон КР от 20 сентября 2000 года №78 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/367); 15.03.1996 [609](https://aqlex.ai/kg/doc/609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/840#diff=503727..503728>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-800/edition/503719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/840/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 1-берене (11.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-1

---

Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар - бул:

- айрым региондордун жана жалпы республиканын экономикасын эмгектин эл аралык бөлүнүшүнө натыйжалуу тартуу;

- мамлекеттик жана жеке менчикке негизделген ата мекендик ишканалар менен уюмдардын материалдык жана акчалай каражаттары менен чет элдик капиталды интеграциялоонун базасында аймактан экономикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү;

- азыркы кездеги өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү;

- ички рынокту продукциялар жана керектелүүчү жана өндүрүштүк багыттагы товарлар менен толтуруу;

- калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын айрым областтарынын, райондорунун жана шаарларынын аймагынан атайын бөлүнүп берилген өзгөчөлөнгөн жана тосмолонгон участоктор болуп эсептелет.

Эркин экономикалык зоналарда тышкы экономикалык жана чарбалык иш жүргүзүү жагында жеңилдиктерди караган өзгөчө укуктук режимдер жана эмгектик мамилелерди укуктук, жөнгө салууга тиешелүү алымчалар. жана толуктоолор белгиленет. Эркин экономикалык зоналардын субъекттерине алардын катталуу датасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында салык жана бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Эгерде кайра иштетилген продуктыларга карата биринчи төрт белги- нин кайсынысынын болсо да деңгээлинде тышкы экономикалык ишмердиктин Товардык номенклатурасы боюнча кайра иштетүүнүн натыйжасында товардын классификациялык кодунда өзгөрүү болсо, эркин экономикалык зоналарда өндүрүлгөн товарларды эркин экономикалык зоналардын субъектилерине Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатууга уруксат берилет. Эркин экономикалык зоналардын субъекттери ушул беренеде белгиленген ченемди бузгандыгы аныкталса, эркин экономикалык зоналардын дирекциясы аларды ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыратат. ЭЭЗдин субъектиси статусунан ажыраган юридикалык жакка андан ары Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зонасынын аймагында катталууга жол берилбейт. Мындан тышкары, ушул көрсөтүлгөн беренедеги ченемдерди бузуп сатылган товарларга чыгарылган өлкөсү боюнча бажы алымдарынын ставкасы колдонулат. (КР 1996-жылдын 15-мартындагы № 2, 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 78, 2001-жылдын 12-декабрындагы № 109, 2007-жылдын 22-мартындагы № 36, 2011-жылдын 7-июлундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/840/st-2)
