КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 11-сентябры № 3228-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Асылбаева Гюльшат Кадыровна - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары; Абжалиев Алиярбек Токобекович - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү; Примов Улан Бердибаевич - Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасынын орун басары; Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү; Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономика министри; Салиев Бахтияр Усманович - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Суракматов Азиз Эмильбекович - Бишкек шаарынын мэри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 3 · байланышкандар: 2
Документке шилтеме берген актылар (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3457-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы жыйналышынын күн тартиби" токтомуПостановление · 26.12.2019 · № 3457-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3474-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 3228-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 26.12.2019 · № 3474-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3474-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 3228-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 26.12.2019 · № 3474-VI
Документ шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 30-майындагы № 3099-VI "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 30.05.2019 · № 3099-VI