# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3085-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11939/edition/975753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83991.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3085-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (29.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83991

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-майы № 3085-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.К.Алимбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 19-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун төртүнчү абзацындагы "А.К.Назаров" деген сөздөр "Н.К.Алимбеков" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- депутат Н.К.Алимбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына киргизилсин.

4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 1103-VI токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
