# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-апрелиндеги № 3007-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-апрелиндеги № 3007-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3007-VI
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83967>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11915/edition/973518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83967.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-апрелиндеги № 3007-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими жөнүндө" токтому (17.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83967

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-апрели № 3007-VI Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин маалыматын угуп жана аталган маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго, ошондой эле массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч колдонуп басып алууга багытталган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө боюнча маселени кароосуз калтыруу жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселе убактылуу депутаттык комиссия тарабынан кароосуз калтырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтомунун аткарылышы контролдон алынсын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1635-VI токтомунун редакциясында).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
