Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 25-апрели № 3024-VI Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин:
- 2019-2025-жылдарга карата Фискалдык реформалардын концепциясын (мөөнөтү - 2019-жылдын июну);
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар боюнча республикалык бюджеттин чыгашаларынын беренелерин кошумча наркка багыттоо аркылуу импорт алмаштыруучу программаны (мөөнөтү - 2019-жылдын июну);
- эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды жогорулатуу, экономиканын туруктуу өсүүсүнүн жана тышкы карызды туруктуу тейлөөнүн бирдей милдеттерин чечүү үчүн экспортту көбөйтүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн инновациялык жана санариптик технологиялардын базасында өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүнө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын, түзүмүн, курамын (мөөнөтү - 2019-жылдын ноябры).
4. Ушул токтомду аткаруу боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2019-жылдын 1-декабрына карата маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтому менен бекитилген тейлөө маселелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон