# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3073-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3073-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3073-VI
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83949>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11897/edition/972656/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83949.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы № 3073-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (29.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83949

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 29-майы № 3073-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 29-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарова Айнура Алмасбековнанын ант берүүсү; "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; Кылжыев Самат Аскербековичти Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу жөнүндө; Муканбетов Санжар Турдукожоевичти Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу жөнүндө; Чодуев Эркинбек Урайымовичти Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу жөнүндө; Догоев Дастан Давлетовичти Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
