# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 3044-VI "Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 3044-VI "Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3044-VI
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11893/edition/972628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы № 3044-VI "Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (15.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83945

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 15-майы № 3044-VI Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 15-майындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин: "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттар менен) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 - Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 -Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Ашхабад шаарында 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
