Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-июну № 3162-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А.Сатыевдин кайрылуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушев жана Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы М.А.Сатыев 2013-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан аларга карата жүйөлөштүрүлбөгөн, судьялардын ишин жөнгө салган мыйзамдарга негизделбеген, Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарын ээлеп турганда алар К.К.Ташиевге, Т.Т.Мамытовго, С.Н.Жапаровго, Б.А.Исаевге, К.Ж.Камчыбековго жана С.С.Кадырбаевге карата жазык ишин кароодо одоно бузууларга жол беришкен деп чечим кабыл алгандыгын белгилешкен. Ушундай чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-октябрындагы № 207 Жарлыгы менен алар Бишкек шаардык сотунун судьяларынын кызмат орундарынан бошотулган. Мындан тышкары, Бишкек шаардык сотунун судьялары К.Т.Зулушевге жана М.А.Сатыевге карата саясий куугунтуктоо болгондугу билдирилген. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын июнь-октябрь айында Бишкек шаарынын сотунун судьялары К.Т.Зулушевге жана М.А.Сатыевге карата саясий куугунтуктоо болгондугу белгиленсин.
2. Бишкек шаардык сотунун судьялары К.Т.Зулушевди жана М.А.Сатыевди мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы тартип жазасы катары кабыл алынган чечими жүйөлөштүрүлбөгөн, соттордун жана судьялардын иштерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына негизделбеген.
3. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин укук мурастоочусу катары 2013-жылдын 27-сентябрындагы чечимин кайра карасын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин жарлыгы 2013-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 207 "К.Т. Зулушев жана М.А. Сатыев жөнүндө"Указ · 12.10.2013 · № 207
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.