# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3143-VI "Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3143-VI "Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3143-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83859>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11807/edition/956044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83859.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3143-VI "Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө" токтому (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83859

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-июну № 3143-VI Мамлекеттик бюджеттин резервинен каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджеттик резервинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиркемеде көрсөтүлгөн объектилерде биринчи кезектеги кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 35147200 сом суммасында (отуз беш миллион бир жүз кырк жети миң эки жүз) каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушуна макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик бюджеттик резервден 35147200 сом суммасында (отуз беш миллион бир жүз кырк жети миң эки жүз) бөлүнүүчү каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө карасын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
