# КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 20-июнундагы N 3138-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 20-июнундагы N 3138-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3138-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11758/edition/955376/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН 2019-жылдын 20-июнундагы N 3138-VI "Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө" токтому (20.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83810

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-июну № 3138-VI Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгесин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын корутундусун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 13-июнундагы № 3122-VI токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу атайын комиссиясынын (мындан ары - убактылуу атайын комиссия) корутундусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси колдоого алынсын жана убактылуу атайын комиссиянын корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы аны статустан ажыратуу үчүн өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы боюнча күнөө коюлсун.

3. Ушул токтомдун жана убактылуу атайын комиссиянын корутундусунун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевдин ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жиберилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ушул токтомду, убактылуу атайын комиссиянын корутундусун карап чыксын жана өзүнүн корутундусун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д. Джумабеков
