# КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2851-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2851-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2851-VI
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11569/edition/933304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-январындагы № 2851-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" токтому (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83621

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-январы № 2851-VI Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

А.М.Нурбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдашуу тобунун тең төрагасы;

К.С.Дыйканбаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинен макулдашуу тобунун тең төрагасы;

М.Т.Джаманкулов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, макулдашуу тобунун мүчөсү;

Э.Ж.Тердикбаев - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, макулдашуу тобунун мүчөсү.

2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

А.Касымалиева
