Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 23-январы № 2850-VI "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 31-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегинин" 1-тиркемесинин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Аргентина Республикасы, Бразилия Федеративдик Республикасы жана башка түштүк-америка өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык достук тобу".
2. "Чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин достук депутаттык топторунун тизмегинин" 2-тиркемеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
А.Касымалиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.