# КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI "Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI "Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2800-VI
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11529/edition/1186299/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 2800-VI "Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" токтому (16.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83581

---

КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 342-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 27-декабры № 2800-VI Депутат А.К.Касымалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат А.К.Касымалиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

үчүнчү абзацтагы "Кодуранова Асель Союзбековна" деген сөздөр "Касымалиева Аида Камчыбековна" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун экинчи абзацындагы "А.С.Кодуранова" деген сөздөр "А.К.Касымалиева" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
