# КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 2792-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 2792-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2792-VI
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11504/edition/925310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 2792-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (20.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83556

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-декабры № 2792-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (Өкмөттүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 491 токтому) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин кирешелери ИДПга карата 2,5 пайыз салыштырма салмагы менен 15030944,1 миң сом жалпы суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин чыгашалары ИДПга карата 2,5 пайыз салыштырма салмагы менен 15030944,1 миң сом жалпы суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2019-жылдын 1-апрелине чейин аптекаларда жана аптекалык мекемелерде биринчи керектөөдөгү дары-дармек препараттарынан бирдиктүү баа саясатын белгилөө максатында дары-дармек препараттарынын реестринин жана алардын санынын, баасынын он-лайн режиминде калк үчүн жайгаштырыла турган аптекалардын жана аптекалык мекемелердин электрондук даректери (веб-сайттары) жөнүндө маалыматтар камтылган маалыматтык ресурстарды түзсүн;

- менчигинин формасына карабастан медициналык мекемелер үчүн рецептурдук бланканын бирдиктүү формасын бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;

- дарылоочу врач жөнүндө маалымат камтылган шифрленген кодификатордун тутумуна дарылоочу врачтын энчилүү мөөрлөрүн алмаштыруу боюнча тиешелүү чараларды жүргүзсүн;

- электрондук рецеп тутумун жана пациенттин медициналык картасын электрондук жүргүзүүнү кыска мөөнөттө иштеп чыксын жана киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2019-жылга Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик капиталдык салымдардын бекитилген планын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине 2019-жылдын 1-мартына карата берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2019-жылдын биринчи кварталында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине төмөнкүлөрдү берсин:

- 2019-жылга карата саламаттык сактоо уюмдарынын мамлекеттик сатып алуу Планын;

- 2019-жылга карата ММК фондунун бюджетинин киреше бөлүгүн 1,0 (бир) миллиард сом көлөмүндө көбөйтүү боюнча иш-чаралар Планын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

М.Бакиров
