Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-декабры № 2785-VI "Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 18-сентябрындагы № 433 токтому) "Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
М.Бакиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 433 “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын…Постановление · 18.09.2018 · № 433
- Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун…Закон · 13.03.2019 · № 34
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.