# КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2770-VI
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83547>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11495/edition/925292/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83547.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (13.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83547

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-декабры № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-сентябрындагы № 452 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин кирешелери 54562418,0 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга божомолу - 57426512,0 миң сом суммасында, 2021-жылга - 60992094,4 миң сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары 53095587,7 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга божомолу - 56525516,1 миң сом суммасында, 2021-жылга - 60397022,3 миң сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин таңкыстыгынын өлчөмү 1466830,3 миң сом суммасында, 2020-жылга таңкыстыгынын божомолу - 900995,9 миң сом суммасында, 2021-жылга - 595072,0 миң сом суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2019-жылга республикалык бюджетте 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин ассигнованиялары боюнча социалдык фонддун алдындагы карызын жабууга 85279,1 миң сом суммасында акча каражатын карасын;

- 2019-жылдан тартып этап боюнча "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде каралган сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды дайындоодо аны 30 жылга жеткирүү менен сиңирген эмгегинин мөөнөтүн жыл сайын көбөйтсүн;

- аскер кызматчыларын топтолуучу пенсиялык фондду түзүү тутумуна киргизүү жөнүндө маселени карасын;

- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарынын аткарылышын камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
