Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашырылышы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-декабры № 2751-VI "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашырылышы тууралуу "Ысык-Көл" биосфералык зонасынын экологиялык кыйроолорун болтурбоо, көлгө чектеш аймактарды натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу жана Ысык-Көл областынын туристтик инфратүзүмүнүн өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү жана контролдоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Ысык-Көл областынын Башкы планын иштеп чыгууну аяктоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн, бул максаттарда республикалык бюджеттен 23,5 млн. сом өлчөмүндө акча каражаттарын бөлүү жөнүндө маселени карасын;
- тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында курулуп бүтө элек, узак убакыттан бери курулуп жаткан туристтик кыймылсыз мүлк объектилерди, Ысык-Көл областынын курорттук зонасындагы туристтик объектилерди куруу боюнча бөлүнгөн жер участокторун (менчик ээсин, объектинин аталышын, курулушу башталган же жер участогу бөлүнгөн датасын, орун алган жерин, тармагынын багытын, баланстык баасын жана башкаларды көрсөтүү менен) инвентаризациялоону жүргүзсүн;
- Ысык-Көл областынын курорттук аймагында жайгашкан туристтик комплекстерди агынды сууларын биологиялык тазалоосу бар канализациянын борборлоштурулган тутуму менен милдеттүү камсыздоо, ошондой эле Ысык-Көл областында тазалоочу курулмаларын куруу жана реконструкциялоо боюнча тиешелүү чараларды белгиленген тартипте көрсүн;
- коопсуздук деңгээлин камсыздоо максатында Ысык-Көл областынын курорттук аймагында жайгашкан туристтик комплекстерди куткаруу жана видеобайкоо тутуму менен милдеттүү камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды белгиленген тартипте көрсүн;
- Ысык-Көл областында таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- Ысык-Көлдүн айланма жолун куруу, Түп - Кеген трассасын оңдоп-түзөө мөөнөттөрүн аяктоо, ошондой эле Ысык-Көл областынын ички жолдорун жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алсын.
2. Ушул токтомдун, ошондой эле Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2019-жылдын 15-апрелине чейин берсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары
А.Кодуранова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (1)
- Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 115