# КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2659-VI "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2659-VI "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2659-VI
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11407/edition/934154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2659-VI "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө" токтому (25.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83458

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-октябры № 2659-VI "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк: негизги көйгөйлөр" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атайын баяндамасы (мындан ары - атайын баяндама) эске алынсын.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманы кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй сунуштарды кабыл алсын:

- аткаруу өндүрүшүнө процессуалдык сот контролун күчөтүү;

- сот тутумунун ишин автоматташтырсын;

- коомдук пикирди милдеттүү эске алуу менен соттордун ишинин сапатынын мониторингин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жогоруда көрсөтүлгөн атайын баяндаманы угуунун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштарын ишке ашыруу боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан сунуштардын ишке ашырылышы жөнүндө маалыматына талдоо жүргүзсүн жана анын жыйынтыктарын кийинки жылга Жогорку Кеңешке киргизүүдө ар жылдык баяндамада чагылдырсын.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
