# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2634-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2634-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2634-VI
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11373/edition/936972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 2634-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83424

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 17-октябры № 2634-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктун жана 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2379-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун он үчүнчү абзацындагы "Абдылдаев Эрлан Бекешович" деген сөздөр "Айдарбеков Чингиз Азаматович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
