# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2593-VI
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11343/edition/904829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2593-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө" токтому (26.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83391

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-сентябры № 2593-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Эргешов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "М.Э.Мавлянова - "Республика-Ата-Журт" парламенттик фракциясынан" деген сөздөр "А.М.Эргешов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
