# Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2589-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2589-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2589-VI
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11340/edition/997799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-сентябрындагы № 2589-VI "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө" токтому (05.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83388

---

КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-мартындагы № 3611-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-сентябры № 2589-VI Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн аныктоо жөнүндө "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорку Кеңештин депутаты Матраимов Искендер Исмаилович парламенттик көпчүлүктүн өкүлү жана Жогорку Кеңештин депутаты Жамалдинов Зиядин Исламович парламенттик оппозициянын өкүлү катары Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына бир жылдык мөөнөт менен аныкталсын.

2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик оппозициясынын өкүлүн аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 10-майындагы № 1565-VI токтому; "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүгүнүн өкүлүн аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-июнундагы № 1735-VI токтому.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
