# Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1998-VI
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11311/edition/897970/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1998-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83359

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-ноябры № 1998-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичтин талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

1) үчүнчү абзацтагы "Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович" деген сөздөр алып салынсын;

2) төртүнчү абзацтагы "Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович" деген сөздөр "Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Д.Джумабеков
