Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаеваны Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-июну № 2484-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаеваны Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.К.Асылбаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктун 7-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Г.К.Асылбаева - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 26-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 26-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон