# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №45 "Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №45 "Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2435/edition/960684/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №45 "Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө"токтому (10.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83315

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 10-апрели №45 Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Ош облусунун Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 21-февралындагы № 35 буйругу менен К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кенеш уулу Бектурсун, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 94-р буйругу менен Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Бейшеев Эркинбек Кыдыргычевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2019-жылдын 5-апрелиндеги № 82-р буйругу менен Целинный айыл өкмөтүнүн башчысы Орозалиев Джуман Султанович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Ош облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай, Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак жана Москва районунун Целинный айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 30-апрелине дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Алай, Кемин, Москва аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн

Төрага

Н. Шайлдабекова
