# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №38 "2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №38 "2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2428/edition/960670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 5-апрелиндеги №38 "2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө"токтому (05.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83308

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-апрели №38 2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 4-апрелинин № 44 Жарлыгынын негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 9-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу, отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага тапшырылсын.

Төрага

Н. Шайлдабекова
