# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83295>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2415/edition/949697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83295.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (20.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83295

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 20-марты № 26 Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоосун даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" 2019-жылдын 18-мартындагы № 41 Жарлыгынын негизинде, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, 15-беренесинин 9-пунктун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылдын 19-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Талас, Ош, Баткен жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарынын сметасы 9869400 (тогуз миллион сегиз жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу отчеттуулук жана сатып алуу бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
