# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 228 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 228 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2388/edition/946611/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 31-декабрындагы № 228 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83268

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 31-декабры № 228 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө 2018-жылдын 29-декабрына дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2019-жылдын 15-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
