# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 218 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 218 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2018
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2378/edition/931695/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 11-декабрындагы № 218 "Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (11.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83258

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-декабры № 218 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 205 токтому менен 2018-жылдын 30-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 211 токтому менен 2018-жылдын 7-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ак-Талаа, Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 30-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 7-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

2.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Исаков Майрамбек Мусаевич табылсын.

3. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 7-декабрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

3.2. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамбеткеримов Акылбек Токтошович табылсын.

4. Ак-Талаа, Жумгал жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
