# Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 213 "Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 213 "Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 213
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-2373/edition/931685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 213 "Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" токтому (30.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83253

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-ноябры № 213 Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 токтому менен 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 21-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Раев Марлис Турусбекович табылсын.

2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 21-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамбеталиева Айнура Аалиевна табылсын.

3. Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Н.Шайлдабекова
