Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 30-ноябры № 213 Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 токтому менен 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок. Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 21-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Раев Марлис Турусбекович табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын 2018-жылдын 21-ноябрындагы шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мамбеталиева Айнура Аалиевна табылсын.
3. Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 202 "Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун…Постановление · 02.11.2018 · № 202
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон