# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2531-VI "Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2531-VI "Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2531-VI
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/83128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-11266/edition/891198/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/83128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2531-VI "Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү жөнүндө" токтому (28.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/83128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-июну № 2531-VI Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын региондорунда өнүктүрүү жөнүндө Багытталган инвестициялардын өзүн-өзү актоосунун анча көп эмес мөөнөттөрү, анын өзгөрүп жаткан керектөөлөргө тезинен ыңгайлашуу жөндөмү, жаңы жумушчу орундарын түзүү, калктын орточо катмарынын байгерлигин түзүү кичи жана орто бизнестин өзгөчөлүктөрү болуп саналат. Өзгөрүп жаткан экономикалык кырдаалга ыңгайлашуу жөндөмү, ишкердикти уюштуруунун жаңы принциптерин киргизүүнү камсыздоо мөөнөттөрүнүн кыскалыгы, тартылган инвестициялардын өзүн-өзү актоосунун натыйжалуулугу, жаңы жумушчу орундарын өз учурунда түзүү республиканын региондорунда калктын орточо байгерлик катмарынын жаңы форматын түзүүгө өбөлгө болду. Акыркы жылдардын ичинде ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү боюнча жасалган алгылыктуу кадамдар күтүлгөн жыйынтыктарга алып келген жок. Республиканын региондорундагы ишкердик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ойдогудай колдоосуна ээ болгон жок. Ишкердик субъектилерин мамлекеттик колдоо жана аларды өлкөбүздүн региондорунда өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- төмөндөгүлөрдүн өз учурунда аткарылышын контролдоону камсыз кылсын:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" № 2 Жарлыгын; "2017-жылдын 29-июнундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын концепциясын.

- ишкердик субъектилеринин финансы каражаттарына бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Өкмөт жана Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду региондордо ишкердик субъектилеринин кредиттик каражаттарга жеткиликтүүлүктү алуусуна өзгөчө көңүл бурсун жана шаарларда жана айыл жерлеринде зарыл суммада кредит алуу үчүн мүлктүк күрөөлөрдү теңдештирүү жаатында күрөөлүк мүлктү баалоого карата дифференциалдуу мамиле жасоо механизмин иштеп чыксын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарынын, Ош шаарынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен биргеликте:

- айыл чарба кызмат көрсөтүүлөр рыногун активдештирүү үчүн Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу боюнча чараларды көрсүн;

- өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо үчүн ар кандай жеңилдиктерди берүү жолу менен ишкерлерге дем берсин;

- ата-мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарын тартууну жана натыйжалуу пайдаланууну активдештирсин;

- кичи жана орто ишканаларды өндүрүштүк жана даярдоочу кооперативдерге бириктирүүнү тездетүүгө өбөлгө түзсүн;

- катышуучулардын теңдүүлүк принциптеринин, өз ара экономикалык кызыкдарлыгынын жана жоопкерчиликтеринин негизинде ишкердик субъектилерин колдоонун мамлекеттик, регионалдык жана башка фонддорунун өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоого өбөлгө түзсүн;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана бизнес-түзүмдөрдүн атынан чыккан бардык деңгээлдердеги уюмдардын өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын айкалыштырсын;

- бизнести сапаттык деңгээлде өнүктүрүү үчүн, ал максаттарда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттарын пайдалануу аркылуу жаңы технологиялар менен жабдуу боюнча ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтсүн;

- "Кепилдик фонду" ААКсынын каражаттарын кошуп алганда, жаңыдан түзүлгөн бизнес-түзүмдөрдү күрөөлүк камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүлөрдү көзөмөлдөөнү камсыздасын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы "2018-жылды региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" № 2 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын концепциясынын өз мезгилинде аткарылышын;

- ишкердикти өнүктүрүүгө таасир тийгизген жана алардын ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин кийлигишүү фактылары боюнча тиешелүү чаралардын көрүлүшүн;

- мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөргө жол бербөөнү.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.

Төрага

Д. Джумабеков
